Окуялар

9 жашар кызды зордуктаган кылмышкер изделүүдө (Фото)

Ноокен районунда 9 жашар кызды зордуктаганга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти. 

28-январда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, саат 17:00дө белгисиз жаран анын кызын зордуктап салганын айткан.

«Аялдын айтымында, 9 жашар кыз мектептен келе жатканда 20-25 жаштардагы белгисиз киши аны коркутуп, күч колдонуу менен зордуктаган», — деп билдиришти ОИИББдан.

Милиция шектүүнүн фотороботун түздү. Сүрөттөгү кишини таанып-билгендер болсо, төмөндөгү номурларга байланышса болот: 03734102 же 0555003100. Анонимдүүлүккө кепилдик бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button