Кытай менен Россияда коронавирустан сактанабыз деп арак ичкендер көбөйдү
Дүйнөнү коркунучка салган коронавирус менен Кытай күрөшүп жаткан учуру. Ошого карабастан ушул тапта дүйнө жүзүндө ар кандай жалган маалыматтар тарап жатат.
Көпчүлүк мамлекеттерде бул вирус катталбаса да “биздин ооруканаларда вирус жуктуруп алып, дарыланып жаткандар бар экен” деген окшош маалыматтар тарады. Айрым мамлекеттерде бул вирус менен өз алдынча кантип күрөшсө боло турган жалган маалыматтарды да таратып жатышат.
Кытайда бул дарт менен өз алдынча дарылануу үчүн “Бань Лань Гэнь” чайын ичсе айыгарын жана алкоголь ичимдиктери да жардам берет деген жалган маалыматты колдонуп баштаган.
Россиядан бирөө мындай маалымат тараткан: “Атам Саламаттык сактоо министрлигинде иштейт. Ал жакта чогулуш болуп, коронавирустан кантип сактанышты айтышыптыр. Аялдар менен жаш балдарга салыштырмалуу эркектерге бат жугат экен, ошондуктан кечкисин эркектер 250 грамм арак, виски же коньяк ичип турушу керек” деп жалган маалымат жиберген.
Ушул сыяктуу тамаша иретинде жазылган маалыматка ишенген айрым Ухандын жашоочулары спирт ичимдиктерин ичүүгө өтүшкөн.Өзгөчө улуу муундун өкүлдөрү арак ичип сактанууга аракет кылышууда деп айтылат маалыматта.
Ал эми АКШда болсо каннабисти тартса бул вирус өлүп калат деген маалыматты таратышкан.
Чет өлкөдөн почта аркылуу келген буюмдар (посылка) менен да вирус жугушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бирок бул маалыматты да адистер четке кагышты. Себеби, вирус почта аркылуу келген буюмдардан эч качан жукпасын айтышты. Банан, тамак-аш, жер-жемиш аркылуу коронавирус жукпасын эскертишти адистер. Коронавирустун вирустары абадан, адамдан адамга жугат, бирок ал вирус эч качан өз алдынча жашай албайт дейт.
Эң негизги оорудан сактануунун жолу бул — жеке гигиенаны сактоо деген кеңешин айтышат адистер. Колду ар дайым самындап жууп, эл көп жерде беткап кийүү сунушталат. Көздү да кол менен көп ушалабоо керектиги жана спирт менен колду профилактика катаруу жууса болот дейт.
Дагы бир кызыгы ушундай жалган маалыматтарды телефон аркылуу тараткан адамдар “тез арада башкаларга да жибер, бирөөнүн жана өзүңдүн, жакындарыңдын өмүрүн сактап каласың” деп жазышат.
Бул дарт менен күрөшүп аткан Кытайдын өзүндө да ар кандай жалган маалыматтар байма-бай тарап аткан кез.
Бирок, дүйнөдөгү шылуундар канчалык жалган маалымат таратышпасын, вирусолог, адистер бул вирусту медицинанын жардамы жана жеке гигиенаны сактоо менен гана дарылай алышаарын жар салышты.
Abal.kg