Окуялар
Өзгөндөгү автокырсыктан жети адам тирүүлөй өрттөнүп кетти

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы автокырсык катталды. Кырсыктан кийин чыккан өрттөн жети киши каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, ошол жерден унаа жарылып, дароо өрт чыккан. Машинанын салонундагы кишилер чыгып кетүүгө үлгүргөн эмес. Кырсык 3-февралда таңкы саат 03:30 чамасында болгондугу кабарланды.Өрттү өчүргөндө автоунаанын ичинен 7 кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүкканасына жеткирген.
Кырсык болгон жерге алты куткаруучу, бир тез жардам бригадасы жана милиция кызматкерлери барган. Өрт саат 4:35те толук өчүрүлгөн.
Abal.kg