Февралга карата аба-ырайы: Жаз күнүндөй жылуу болот

таратып, жылуулукту жакшы көргөндөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Маалыматка ылайык, апта ичинде күн жылып, абанын температурасы жогорулайт. 4-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жана кар жаап, тоолуу жерлерине кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаай турганы айтылды. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 чейин жетиши божомолдонууда.
Бул жумадагы аба-ырайы менен таанышып алыңыз:
| ЧҮЙ ОБЛУСУ | Түндө | Күндүз | |
| Өрөөндөр | -1…+4 | 3…8 | |
| Кемин өрөөнү | -3…-8 | 0…5 | |
| Тоо этектери | -2…-7 | 0…5 | |
| Тоолуу аймактар | -4…-9 | -3…+2 | |
| Суусамыр өрөөнү | -19…-24 | -10…-15 | |
| Төө-Ашуу ашуусу | -11…-16 | -6…-11 | |
| ТАЛАС ОБЛУСУ | Түндө | Күндүз | |
| Өрөөндөр | 0…-5 | 3…8 | |
| БАТКЕН ОБЛУСУ | Түндө | Күндүз | |
| Өрөөндөр | 0…5 | 4…9 | |
| Тоо этектери | -3…+2 | 2…7 | |
| ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫ | Түндө | Күндүз | |
| Өрөөндөр | 0…5 | 4…9 | |
| Тоо этектери | -3…+2 | 2…7 | |
| Токтогул ойдуңу | -2…-7 | 0…5 | |
| Чычкан капчыгайы | -8…-13 | 0…-5 | |
| Чаткал өрөөнү | -9…-14 | 0…-5 | |
| Алай өрөөнү | -14…-19 | -7…-12 | |
| ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ | Түндө | Күндүз | |
| Дыйканчылык аймактары | -1…-6 | -1…+4 | |
| Чоң-Ашуу ашуусу | -9…-14 | -3…-8 | |
| НАРЫН ОБЛУСУ | Түндө | Күндүз | |
| Дыйканчылык аймактары | -18…-23 | -7…-12 | |
| Кара-Кужур өрөөнү | -10…-15 | -2…-7 | |
| Түндө | Күндүз | ||
| Бишкек | 0… 2 | 6… 8 | |
| Ош | 0…2 | 0… 7 | |
| Каракол | -4… -6 | 1…3 |
Булак: Кыргызгидромет
5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын жаабайт. 5-февралда күндүз жана 6-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
6-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
7-февралда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал.
8-9-февралдарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы жогорулайт.
Abal.kg



