Коом
2019-жылы айыл жана балык чарбаларынын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү
Кыргызстанда өткөн, 2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбанын, токой чарбанын жана балык чарбанын ички дүң продукциясынын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Бул мурдагы 2018-жылдагы деңгээлге карата өсүш темпи 102,6% түзгөн. Айыл чарбанын салыштырма салмагы ички дүң продукцияда 12,1% түздү. Айыл чарба өндүрүшүндөгү мал чарба продукциясынын үлүшү 47,3%, ал эми багбанчылык – 50,1% түздү.
Кыргызстандагы айыл жана балык чарбалыгынын алдыга жылып, өсүү темпи жогорулаганын билсек болот.
Abal.kg



