Окуялар
Катуу ылдамдыкта келаткан машина көп кабаттуу үйдү сүздү
Кечээ катуу ылдамдыкта айдап келаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай, кабаттуу үйдү барып сүздү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Nissan үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу Улуттук госпиталга жаткырылды.
Унаанын ичиндеги 28 жаштагы жүргүнчү да аталган ооруканага жатты. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү № 3 балдар ооруканасына жаткырылды. Жабырлануучулардын абалы туруктуу.
Abal.kg



