Кочкор-Атанын “Нефтчиси” тажиктердин “Худжанд” командасын утту

Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашкандай оюнду көрүүгө 1100 көрүүчү келген.
Бүгүн, 19-февралда, Жалал-Абад шаарында Азия футбол
конфедерациясынын Кубогунун тандап алуу оюндарынын биринчи беттешинде
кочкораталык “Нефтчи” Тажикстандын “Худжанд” командасы менен “Курманбек”
стадионунда беттешти.⠀
Биринчи бөлүктө эки команда тең чабуул жасашканы менен эсеп ачылган жок. Экинчи
таймда үй ээлеринин жарым коргоочусу Александр Игнатенко алыскы аралыктан сокку
узатып, топ коргоочунун бутуна тийип дарбазага таамай кирди.
Оюндун калган мүнөттөрүндө үй ээлери бир канча мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышты. Ошентип беттеш 1:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын пайдасына аяктады.
Эми жооптук беттеш Дүйшөмбү шаарында 26-февралда өтөт. Бул беттештин жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык раундуна чыгат.
Abal.kg