Коом
Согуш ардагерлерине 70 миң сомдон берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жеңиштин 75 жылдыгына карата ар бир ардагерге 70 миң сомдон ыйгарууну сунуштады.
«Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди депутат Дастан Бекешев.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Уулу Ата-Мекендик согуштун 220 ардагери бар.
Abal.kg