Коом
17-февралга карата аба ырайы
17-февралда республиканын Чүй, Таластан башка облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -7…-12, Талас облусунда -8…-13, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын аймагында -4…-9, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде 0…5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте -8…-10, ал эми Ош шаарында 0…2 градуска чейин жетет.



