Окуялар

Ысык-Көлдүн Түп районунда эки баштуу музоо туулду

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында эки баштуу музоо туулду.

Мал доктур Нургазы Кудайберген уулунун айтымында, музоо операция жолу менен туулган. Ага айыл тургуну кайрылып, ую тууй албай жатканын айткан. Чакыруу боюнча келген мал доктур уйду карап, анын тууй турчу музоосу эки баштуу экенин аныктаган. Ал жардамчысын чакырып, уйга операция жасап, музоону алып чыгышкан. Бирок музоо кыймылдабай, араң жан болуп жаткандыктан анын баары бир өлүп кала турганы белгилүү болгондон кийин ошол эле жерден союп салышкан.

Мал доктур уйдун абалы жакшы экенин, жем-чөптү дурус эле жеп жатканын айтат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button