Коом
“Коопсуз шаар”. Жол эрежесин бузгандар 686 млн 254миң 650 сом айыппул төлөдү

“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери бир жыл ичинде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун кызматкерлери жол эрежелеринин бузулганы боюнча 1 миллион 32 миң 673 токтом түзгөн. Анын 590 миң 130 айып пул төлөп, сумма 686 миллион 254 миң 650 сомду түзгөн.
Башкача айтканда жол эрежесин бузуу боюнча чыгарылган токтомдордун 57,2 пайызы төлөнгөн. Андан сырткары “Кыргыз почтасы” ишканасынын кызматкерлери эреже бузган айдоочуларга “бактылуу катты” үйүнө чейин жеткирип берет.
Abal.kg