Дүйнө

Коронавирустан улам Марк Цукерберг 6,5 миллиард доллардан кол жууду

Дүйнөнү каптаган коронавирустун таасиринен улам дүйнөдөгү миллиардерлердин капчыгы да кыскара баштады.  Бир жуманын ичинде дүйнө миллиардерлеринин байлыгы  444 миллиард долларга кыскарган.

Дүйнө жүзүндөгү эң бай делген үч адамдын финансысы чоң жоготууга учураган. Алар Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс жана LVMH компаниялар тобунун президенти Бернар Арно. Бул байлардын капчыгы болжол менен 30 миллиард долларга азайган.

Ал эми Facebook баракчасынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6,5 миллиард доллардан кол жууган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button