Коом

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны он миңге чамалайт

Кыргызстан боюнча 2020-жылдын 1-февралына карата 9 757 киши ВИЧке чалдыккан. Анын ичинде 9,2 миңи кыргызстандыктар болсо, 539 киши чет элдиктер экенин “СПИД” республикалык борборунан кабарлашты.

Ага ылайык, каттоого алынгандардын 3,6 миңи баңгизатын ийне аркылуу сайынышкан. ВИЧке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (2,7 миң) болсо, эң аз Талас облусунда (136) катталган. Ал эми Бишкек шаарында 1,8 киши болсо, Ошто алардын саны 1,1 миңге чамалайт.

Ушул кезге чейин Кыргызстанда ВИЧ жуккан 2 124 киши каза болсо, алардын 666 адамдын  оорусу СПИДге айланып кеткендер.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button