Аялын муунткан акмак. Кадамжайдагы окуя

Кадамжай райондук Ички иштер башкармалыгы бир жарым айдын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча бир фактыны каттаган.
Ага ылайык, 18-февралда Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну 1990-жылкы Э.С. аялын токмоктогон. Ал жубайын колу менен муунтуп, таяк менен бутка үч жолу чаап, тепкилеген. Милициянын маалыматы боюча Э.С. аттуу жаран аялын буга чейин да сабап келген.
Токмоктун кесепетинен аял Кадамжай аймактык ооруканага кайрылган.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Э.С. Кызыл-Кыя шаардык ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
20-февралда сот ишти карап кишини 19-апрелге чейин эки ай
камакта калтырган. Ал эми 25-февралда Кадамжай райондук прокуратурасы айыптоо
актысын тиркеп, ишти соттун кароосуна жиберген.
Abal.kg