Коом
Кыргызстанга Афганистан менен Сириядан канча качкын келген?

Кыргызстанда 208 киши качкын катары каттоого алынганын Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов парламенттин жыйынында айтты.
Анын айтымында, качкындардын 81и Афганистандан, 71и Сириядан, 24ү Украинадан, калгандары башка мамлекеттен келгендер.
“Негизинен алар соода-сатык менен алектенип, өзүлөрүн-өздөрү камсыздашат. Ал эми медициналык кызматты Кыргызстандын жарандары катары эле алышат”, — дейт ал.
Abal.kg