Ванга менен Нострадамустун коронавирус тууралуу айткандары туура чыктыбы?

Акыркы убактарда Интернетте Ванганын (Вангелия Гуштерова – болгариялык көзү ачык) коронавирус тууралуу алдын-ала айтканы кеңири тарап жатат.
Көрсө, өткөн 20-кылымдын 70-жылдарында эле Ванга XXI кылымдын биринчи он жылдыгынын ичинде (а азыр экинчи он жылдык аяктап атат) жугуштуу оору чыгып, көптөгөн адамдардын өмүрүн кыят дептир.
Бирок, Ванга бул эпидемия Кытайда эмес Афирикадан тарайт деп айтыптыр. Көзү ачыктын айтканына караганда бул тумоого каршы вакцина бир жылдан кем эмес убакытта гана пайда болот экен. А вакцина табылгыча көптөгөн кишилер тумоодон көз жумат деп айтып кетиптир.
Ал эми Адольф Гитлердин чыгаарын, 11-сентябрда АКШда террористтик акт болоорун, 1789-жылкы Улуу Француз буржузазиялык революциясынын ишке ашаарын, Айга кишини коноорун, атом бомбасы пайда болоорун, АКШ президенти Джон Кенединин киши колдуу болуп каза табаарын, япон шаарлары Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасы таштаалаарын алдын-ала айткан деп белгиленип жүргөн, 16-кылымда жашап өткөн француз көзү ачыгы, алхимик, астролог жана врач, Нострадамус деген ат менен белгилүү Мишель де Ностредам, коронавирус сыяктуу тумоонун эпидемиясы туралуу дээрлик эч нерсе айткан эмес.
Тескерисинче 2020-жыл финансылык жактан алганда эң ийгиликтүү жылдардын бири болот деген. Ал эми иш жүзүнө келгенде коронавирус тумоосунун айынан дүйнөнү 2008-жылдан да оор фиансылык кризис каптаарын эксперттер айтып жатышат.
Албетте, Ванга менен Нострадамустун айткандарынын канчалык ынамдуу же ынанымсыз экени, биринчи кезекте алардын көзү ачыктыктарын талдап, “мындай” же “тигиндей” деп, баа берип, адамзатка таратып аткандардын көз караштарына багыңкы экенин жадыбыздан чыгарбашыбыз керек.
Abal.kg