Саясат
Үч айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 29,3 млн. долларга көбөйдү

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 616,56 млн. доллар же 322 млрд. 466,54 миллион сомду түздү. Мындай маалымат Финансы министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Бул сумманын 83,9%ы (3 млрд 874,57 млн доллар, же 270 млрд. 638,44 млн. сому мамлекеттик тышкы карыз. Ал эми 16,1%ы (741,99 млн доллар же 51 млрд. 828,11 млн сому мамлекеттин ички карызы.
Эскертсек, 2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 587,26 млн. доллар же 319 млрд. 474,64 млн. сом болчу.
Abal.kg


