Коом

Кыргызстанда бак-дарак отургузуунун улуттук күнү белгиленди

28-мартта бак-дарак отургузуунун жалпы республикалык күнү белгиленмей болду. Бул туурасында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

“Марттын үчүнчү ишембисин бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо жөнүндөгү» токтом боюнча бул күн 21-мартка, Нооруз майрамына туш келгендиктен өкмөт 28-мартка жылдыруу максатка ылайык деп эсептейт», — деди Абытов. 

Буга чейин демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева «Бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнүндө» 500 миң көчөт тигүү сунушталганын айткан. Бул күнү бардык кыргызстандыктар бак-дарактарды өзүнүн үйүнүн короосуна, көчөлөргө отургуза берсе болот. Анын жол-жобосу жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталат.

Белгилей кетсек, «Бак-дарак отургузуу күнү» дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөрдө белгиленет. Мисалы, Россия, Казакстан жана Кытайда бул күн өзүнчө майрам.

Ал эми коңшу Өзбекстанда 1 миллион бак-дарак отургузуу пландалууда. А Кыргызстанда быйыл канча дарак отургузулаары тууралуу азырынча так маалымат жок.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button