Дүйнө

Россияда коронавирус жуктургандардын саны отуздан ашты

Россияда акыркы сутканын ичинде коронавирус жуккан дагы алты киши катталды. Бул туурасында  12 — мартта, РИА Новости маалымдады.


Алардын төртөө Москвада, бирөө Калининградда, дагы бири  Краснодар крайында. Ошол эле учурда россиялык төрт жаран менен эки кытайлык бейтап дарыланып, айыгып чыгышкан. 11-мартта эле Россияда коронавирус менен ооругандардын саны 31 адам болчу.

Ал эми 12 — мартта маалым болгондой Италияда  акыркы бир сутканын ичинде  коронавирустан 200гө жакын киши көз жумган. Бул дүйнө жүзүндөгү тумоо чыккандан берки бир сутканын ичинде зыян болгондордун арасындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Тумоологондордун саны боюнча Италия Кытайдан кийинки экинчи орунга чыкты.  12,4 миң кишиге жугуп, бир нече жүздөгөн киши набыт болуп, 1000ден ашыгы дарыланып чыгышкан.


Эскерте кетсек, азыркы тапта дүйнө  жүзүндө коронавирус Covid-19дун  динамикасы төмөнкүдөй:

125 865 – жуктурушкан
4 615 – көз жумушкан
67 003— айыгышкан

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button