Дүйнө

Коронавирус. Москвада бир киши көз жумду

Москвда инфекциялык ооруканадан коронавирустан пенсионер аял каза тапты. Бул туурасында борбордун оперативдүү штабынан алынган маалымат деп  lenta.ru кабарлады.

79 жаштагы аял киши ноокастап калганын  биринчи жолу 13 – мартта сезген. Андан соң жеке менчик клиникада дарылана баштаган. Бирок ал клиникада эки күн жаткандан кийин инфекциялык ооруканага которулган. Анализден кийин коронавирус илдетине чалдыкканы айкындалган.

Өнөкөткө айланган 2-типтеги  кант диабети, атеросклероз, жүрөктүн гипертониясы  сыяктуу ооруларынын фонунда аял пневмониядан көз жумган. Тууган-туушкандарынын, жакындарынын баары табылып, врачтардын көзөмөлүнө алынды.

Коронавирус, Россия:  
-жуктурганы  147;
-айыкканы – 5;
-көз жумганы – 1.  

Россияда азыркы тапта коронавируска шектелген 22 миң киши медициналык мекемелердин көзөмөлүндө. Ал эми 2020-жылдын башынан тартып  62 541 киши дарыгелердин  көзөмөлдө турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button