Коом

Коронавирус. Баткендеги үч айылга өзгөчө кырдаал киргизилди

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Мындай чечим жөнүндө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады”, — деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков брифинг берип, анда Кыргызстанда коронавирус 12 кишиге жукканын айткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button