Маданият

74 жаштагы Петросян жаш аялынан балалуу болду

Юморист Евгений Петросян  менен анын жардамчысы Татьяна Бурхунова чүрпөлүү  болушту.  Алар 2019 – жылдын аягында үйлөнүү тоюн өткөрдү, жубайлар эми балалуу болушту деп жазды Starhit.   

Эң жакын адамдарына «балабыздын эркек же кыз экенин азырынча жашырып, эч кимге айтпай атабыз», — дешкен. «Экөөнүн тең кубанычы коюндарына батпай атат», — деп айтып беришкен басылмага, жубайлардын тегерегиндегилер. Бала Дубайдын медициналык борборлорунун биринде 13 — мартта төрөлгөн.

Starhit маалыматына караганда 74 жаштагы Петросян менен 31 жаштагы  Бурхунова Бириккен Араб Эмиратына бала төрөлөөрдө атайын учуп кетишкен. Instagram-аккаунттарында эс алууда жүргөн  фотографияларын дайыма байма-бай жарыялап турушат. Басылманын жазганына караганда жубайлар суррогат эненин кызматынан пайдаланышкан— акысы беш миллионго жакын  рублду түзгөн.

Петросяндын бул экинчи чүрпөсү. Юмористтин Викторина деген кызы бар.  Бурхунова болсо биринчи жолу эне болуп жатат.  ММКнын маалыматтарына караганда артист өзүнүн жардамчысына  2019-жылдын декабрынын башында  үйлөнгөн. Жубайлар бул маалыматты расмий бышыкташкан жок.  

2018-жылы августта ММКдан Петросян төртүнчү аялы, юмористка Елена Степаненко менен ажырашуу ниетинде  деген маалыматтар тараган.  Анан ошол жылдын ноябрында экөөнүн никеси бузулган. Ажырашуудан улам Петросяндын финансылык абалы журналисттердин көңүлүн бурган. Түгөйлөр анда сот аркылуу чогуу табышкан 1,5 миллиард рублдук мүлкүн бөлүшүшкөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button