Дүйнө
Коронавирус. Москвада экинчи бейтап каза болду

Кечээ Москвда COVID-19 коронавирусна шектелип ооруканага түшкөн экинчи бейтап көз жумду. Муну МК.ру маалымдады деп, Рolitfox.ru билдирди.
69 жаштагы бул айым Коммунаркадагы инфекциялык ооруканада кайтыш болду. Ал адегенде пневмонияга шектелип №40-шаардык ооруканага жаткырылган. 19 – мартта бейтап айым башкаларга коронавирус жуктуруп салуу тобокелчилиги чоң болгондуктан, аны атайын жабдылган медициналык мекемеге – Коммунаркадагы инфекциялык ооруканага которушкан. Оорулу ушул ооруканада көз жумду. Азыр анын өлүмүнүн себеби такталып жатат. Бул илдетти ал жакында эле Португалиядан кайтып келген кызынан жуктуруп алышы да ыктымал.
Эскерте кетсек, буга чейин коронавирустан 79 жаштагы профессор аял каза тапкан.
Abal.kg


