Коом

Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды

Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык.

Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык:

медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу;

диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу.

Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button