Коом
Ала-Букада обсервацияга алынган карыя каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчисининорун басары Касымбек Мамбетов Ала-Букада каза болгон кишиден коронавирус табылбаганын брифинге айтты.
Ал соцтармакта аталган бейтап коронавирустан улам өлдү деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
Мамбетов 82 жаштагы бейтап чет жактан келгенден кийин обсервацияга алынганын, бирок анын анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок деди.
Бейтаптын башка өнөкөт оорулары болгондуктан ал ошолор күчөп кеткендиктен каза болгон.
Abal.kg