Коом
Коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти, жаш балдардын саны өсүүдө

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Момбеков маалымат жыйынында билдирди.
31-март күнү вирус жуктуруп алгандардын саны 107ге жетсе, алардын ичинен 11и жаш балдар.
“Булар 15 жашка чейинки балдар. Арасында экөө бир жашка чейинки наристе”, — деп айлат билдирүүдө.
Буга чейин Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94 болчу, бүгүн алардын саны 107ге жетти. Кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.
Abal.kg



