Кантта коронавирус жуктурган жигит Москвадан келген

Кыргызстанда коронавируска карата текшерүүдөн өткөн
адамдардын анализинин жыйынтыгы чыгарылып, дагы 5 адамдан коронавирус
аныкталды. Бул маалыматты бүгүн,
2-апрелдеги эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо
министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Вирус
аныкталган 5 кишинин бири Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын 22
жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал Москвадан келери менен аэропорттон обсервацияга
алынган. Бул маалыматты Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы
тастыктап, учурда аталган жигит Бишкек шаарында дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ
экенин билдирди.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 116 адамга жетти.
Жалал-Абад облусунда жалпы 54 адам:
— Сузак району — 48;
— Ала-Бука району — 3;
— Аксы району — 1;
— Жалал-Абад шаары — 1;
— Кара-Көл шаары — 1.
Ош облусу боюнча жалпы 40 адам:
— Өзгөн району — 3;
— Кара-Суу району — 8;
— Ноокат району — 19;
— Ош шаары — 10.
Чүй облусу боюнча жалпы 5 адам:
— Москва району — 1;
— Аламүдүн району — 2;
— Сокулук району — 1;
— Кант шаары — 1.
Ысык-Көл облусу жалпы 2 адам:
— Түп району — 2.
Баткен облусу жалпы 3 адам:
— Баткен району — 1;
— Кызыл-Кыя шаары — 2.
Нарын облусунда жалпы 4:
— Нарын шаары — 4 учур.
Бишкек шаарында 8 адамдан коронавирус аныкталды.
Бейтаптардын ичинен 63 адам аял, 53 бейтап эркек киши. Алардын ичинен 11 бейтап
15 жашка чейинки (1 жашка чейинки 2 бала бар) балдар. Ал эми 31 бейтап 55
жаштан жогоркулар.
Abal.kg



