Дүйнө
Пандемия. Акыркы суткада АКШда аябагандай көп адам көз жумду

Франс Пресс агентствосу өз эсептөөлөрүнө таянып, акыркы 24 сааттын ичинде АКШда 1169 адам коронавирус инфекциясынан көз жумду деп билдирди.
Бул бир өлкөнүн ичинде бир суткада көз жумгандардын эң көбү. Буга чейин 27-мартта Италияда 969 адам каза тапкан эле.
Джонс Хопкинс университетинин эсептөөлөрү боюнча, АКШда пандемиядан кайтыш болгондордун саны бейшембиде 5926га жетти. Бул тууралуу 3-апрелде РИА Новости маалымдады.
Abal.kg