«Коронавирус менен ооруган эмесмин» деген аялдын сөзүнө министр жооп берди

Буга чейин соцтармак жана мессенджерлерде коронавирустан айыгып үйлөрүнө чыгарылган айрым бейтаптардын «мен ооруган жокмун» деген видеолору тарап кеткен.
Бейтап коронавирустун белгилерин өзү байкабай, дени сактай сезилгени менен организминдеги вирус анын айланасындагылар үчүн кооптуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Ведомство жетекчиси социалдык тармактарда айрымдар «оорубасам деле жаткырып коюшту, дары беришкен жок» деген маанайда билдирүүлөр тарап жатканына токтолду. «Оорубаган адамды кармап туруунун бизге эч кызыкчылыгы жок. Бейтап өзүн дени сак сезсе да андагы вирустун козгогучу айланадагы адамдар үчүн кооптуу. Ошол себептен аны дарылап чыгаруу биздин милдет. Чыккандан кийин «мен дары ичпейм, дарылаган жок» деп айтканы акылга сыйбайт. Кандайдыр бир билдирүү жасаарда этият болууга чакырат элем», — деди министр.
Abal.kg