Чүй ОИИББдин жетекчилиги өздүк курамга атайын ыкчам жөө-жүрүш өткөрдү

2024-жылдын 29-май күнү саат 05:00дө Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан ИИМнин талаптарын аткаруу жана кызматкерлердин күжүрмөн жана физикалык даярдыгын сактоо максатында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам-кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук аппараттын өздүк курамына атайын ыкчам жөө-жүрүш уюштурулду.

Алгач, жетекчилик тарабынан өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, бардык кызматкерлердин форма кийүү эрежелерин жана жабдууларды сактоосу текшерилип, белгиленген Аламүдүн районунун Көк-Жар айылына жеткирилди. Атайын ыкчам жөө-жүрүш башталган жерден, башкача айтканда, кызматкерлердин кыймылы (марш) берилген тапшырмага ылайык, узундугу 10 км болгон тоолуу аймакта жөө басуу жана чуркоо менен кезектешип турду.

Ички иштер министрлигинин Ок атуу полигонунда өздүк курамга «Калашников» автоматынан жана «Макаров» тапанчасынан ок атуу боюнча практикалык машыгуу уюштурулуп, аркан тартыш, граната ыргытуу жана гиря көтөрүү боюнча кызматтардын арасында мелдештер өткөрүлдү.
Иш-чаранын соңунда ИИМнин Атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча Атайын операция отрядынын өздүк курамы самбо боюнча жана атайын күжүрмөн тактикалык даярдык боюнча машыгуу көргөзүштү.



