Коом
30-31-августта Бишкектин айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылат

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чарага байланыштуу жабыла турчу көчөлөр:
30-август күнү Чыңгыз Айтматов проспектинде автоунаалардын жүрүшүнө маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.
31-август күнү Жибек Жолу проспектиси, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Киев көчөсү жана Манас проспекти менен чектешкен бөлүктөр маал-маалы менен жабылып турат.



