Пандемия. Мышык адамзатка жардам бере турган болду

Мышыктар коронавируска карата өзгөчө сезгичтигине байланыштуу, вакцианы клиника жүзүндө пайдаланууга чейинки сыноолорго идеалдуу туура келе турган жаныбар болуп чыкты. Бул турасында “Известия” кабарлады деп, 13-апрелде Новости Mail.ru билдирди.
Россиялык вирусологдор мышыктар COVID-19га карата өтө сезгич (чувствительный) жаныбар, ошондуктан коронавирустан эмдөөчү (вакцинация) дарыларды сынай турган жандыктардын ичиндеги эң перспективалуу модель ушулар боло алат деп эсептешет. Бул төрт аяктуулардын жаңы чыккан инфекцияны өтө тез кабыл ала турган өзгөчөлүгү Кытайда жарыяланган бир нече илимий иштерде бышыкталган. Алардын маалыматына караганда, ухандык мышыктардагы SARS-CoV-2ге каршы пайда болгон антителалардан улам, иликтөөгө катышкан бул төрт аяктуулардын 14,7%и инфекция жуктурганы белгилүү болгон. Алар бул инфекцияны жарганаттардан, же кожоюндарынан, болбосо бири-биринен жуктуруп алышы ыктымал.
Илимий китепканаларда иликтөөлөрдүн принтердик варианты пайда болду (рецензиялана турган журналда жарыялоого али жактырыла элек макала). Анда SARS-CoV-2 Уханда мышыктардын популяциясынын бир бөлүгүнө жукканы бышыкталган. Хуачжунун айылчарба университетинин (Huazhong Agricultural University) айылчарба микробиологиясынын Улуттук лабораториясы жолбун жандыктардын канынын сывороткасын изилдеген. Окумуштуулар эпидемия башталгандан кийинки 102 жана башталганга чейинки 39 жандыктан алынган үлгүлөрдү иликтеп чыгышкан. 102нин ичинен 15 (14,7%) жандык илдет жайыла баштаган учурда коронавирус жуктуруптур.
Мышыктар антитела иштеп чыгуу жагынан бул патогенге өтө сезгич келишет, деп айтты «Известияга» ТюмМУнун (жож — россиялык билим берүүнүн конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу «5−100» долбоорунун катышуучусу) биология Институнунун кызматкери Николай Карпов. Ошондуктан буларды вакцина сыноого пайдалануу керек.
Abal.kg



