Өспүрүм кызды 3 киши коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Окуянын чоо-жайы
Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран жана 2 милиция кызматкери кармалган. Бүгүнкү күндө аталган факты боюнча иш сотто каралып жатканын жабырлануучу кыздын атасы тастыктады.
Анын айтымында, окуя 2021-жылдын август айында башталган. Анда сатуучу өспүрүм кызды уурулукка айыптаган.
«Дордой» базарындагы дүкөндүн сатуучусу кызымды кулакчын уурдоого айыптап, аймактык тергөөчүгө өткөрүп берген. Ал болсо кызымды коркутуп, шантаж кылып, ээн талаага алып барып унаанын ичинде зордуктаган. Кызым коркконунан эч нерсе айтпай жүрө берген. Кийинчерээк өспүрүмдү зордуктоого башка эркектер да аралашып, бул көрүнүш февраль айына чейин созулган. Февраль айынын бир күнүндө кызым сабактан кийин кечигип жатты. Мугалимдерге да чалдык. Кечинде кызыбыз милиция бөлүмүндө экенин билдик. А бизге болсо сабактан кечирээк чыкканын, маршруттук такси жок болуп жатканын айткан. Жаман бир нерседен шекшигенбиз. Эртеси күнү кызымдын уюлдук телефонуна белгисиз кишиден СМС билдирүү түшкөнүн апасы көрүп калыптыр, ал күнү телефон жубайымда эле. Анда «быйтыкчалар» жана адепсиз билдирүүлөр келген. Жазышууларды карап чыккан жубайым белгисиз кишилер кызыбызды кордоп жатканын түшүнгөн«, — дейт ал.



