Окуялар

Коронавирус. Кара-Балтада 22 жаштагы кыздан аныкталды

Кара-Балта шаарында жашаган 1998-жылы туулган кыздан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 13-апрелде Кара-Балта шаардык KBCITI.kg маалымат порталы жазып чыкты.

“Весть” гезитинин журналистине Жайыл мамсанэпиднадзор коронавирус тууралуу билдиргени жазылган. Бул кыз Россиядан келип, “Манас” аэропортунан  анализдери алынган экен. Алынган анализдери  коронавирустун белгилерин көрсөткөн деп айтылат маалыматта.

Бүгүн эртең менен   Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жашоочуларында  3 адамдан коронавирус катталганы тууралуу расмий эмес маалымат  тараган.

“Биз расмий маалыматтарга гана таянып, лабораториянын жыйынтыгына ишенебиз. Бүгүнкү күндө Жайыл районунда коронавирус бир жаранда аныкталды. Ал кыз 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын март айына чейин Москвада иштеп келген. 11-апрелде тапшырган анализинин жыйынтыгы бул вирустун бар экенин далилдеди.  Аны менен кошо курбу кызы да келген. Ал азыр медиктердин көзөмөлүндө. Андан тышкары бул кыздын үй-булө мүчөлөрү, тааныштары, коллегаларынын бардыгынын анализдери алынды”,- деп айтты Жайыл райондук  башкы санитардык врач О. Жолдошбаев.

Азыркы тапта оору жуктурган кыз  Кара-Балта шаарында канча күн болгону жана ал канча адам менен байланышта болгону тууралуу маалымат жок деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 419. Ал эми Жайыл районунда бир да учур катталган эмес.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button