Дүйнө

АКШда массалык ачарчылык башталды

22 миллиондон ашык америкалыктар пандемиянын учурунда ачкачылык менен күрөшүүгө мажубур болушууда. Бул тууралуу 23- апрелде Лента.ру маалымдады.   

Муктаж болгондорго тамак-аш продуктыларын чогултуп туруп таратып берүүчү соопчулук уюму — белгилүү Feeding America («Американы тойгузабыз») азык-түлүк банктар тармагы, кар болгон керектөөчүлөрдүн катары өтө кескин  өскөнүн белгилеген,  деп билдирет Business Insider.

Бул уюмдун Сан-Антониодогу филиалынын жетекчиси Эрик Купердин айтымына караганда, анча  деле көп эмес азык-түлүк салынган баштыкты алыш үчүн эле автомобилдердин узун кезеги пайда болгонунан улам, америкалык жарандардын бакубатчылыгына пандемиянын кыйратууучу таасир тийгизгенин билүүгө болот.        Өткөн жумада банк ачарчылыкты баштарынан өткөрүп атышкан 10 миң үй-бүлөнү тейлеген.  

Баарынан да, карантин режими менен чектөө чаралары жумушсуздуктун рекорддук өсүүсүнө алып келди. 50 проценттен ашык тургундары кирешесиз калган Лос-Анджелесте миңдеген адамдар азык-түлүк банктарынын алдында чокмороктошуп турушат. Коронавирус инфекциясынын чордонуна айланган Нью-Йоркто, соопчулук уюмдары толкундай каптап келген ачка кишилерди тейлөөгө араңдан зорго үлүгүрүшүүдө.

Соопчулук индустриясы азык-түлүктүн запасы түгөнүп калышы мүмкүн деп тынчсызданышууда. Feeding America соопчулук уюмунун баамында, эгер вирус бүт өлкөгө жайылса, 17 миллиондон ашык киши азык-түлүктүн тартыштыгына учурап, ачарчылыкка туш келишет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button