Дүйнө

АКШнын президенти Трамп вирус үчүн Кытайдан миллиарддаган компенсация талап кылат

АКШ президенти Трапм Кытай вирус тууралуу маалыматты убагында жашырып койгондуктан ал дүйнөгө жайылып кетти, деп күнөөлөп, КЭРден көп миллирдаган компенсация талап этээрин билдирди. Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө Ак үйдө өткөн брифинг убагында маалымдады. Муну Euronews 28-апрелде кабарлады.

Буга чейин, өткөн  жумада АКШнын Миссури штатынын башкы прокурору Кытайды вирусту убагында жашырып койгон деп күнөөлөп, сотко бергени маалымдалган. Штат Кытайдан коронавирустан тарткан бүт чыгымдарды төлөтүп алуу ниетинде.

Дүйнөдө коронавирустан өтө көп жабыр тарткан өлкө  — АКШ. Бир миллиондон ашык адам бул илдетти жугузуп, 57 миңге чукул киши көз жумган.

Буга чейин вирусту жайылтып ийгени үчүн Кытайдан биринчилерден болуп Германия 130 миллиард талап эткени айтылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button