ИИМдин “Шумкар” АБПнын аялдар кеңеши жардам көрсөтүштү(фото)

ИИМдин “Шумкар” АБПнын (Атайын багытталган полк) аялдар кеңеши полктун ардагерлер кеңеши менен биргеликте кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана көп балалуу кызматкерлерге жардам көрсөтүштү
Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинин жайылышы калктын социалдык аярлуу катмарына өз залакысын тийгизип жатканы албетте аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Ар бир өлкөнүн тартибин, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери эл-жеринин сакчысы ошону менен бирге, кандай кырдаал орун албасын антына бекем туруп өз эл журтун коргоп эрдиктердиктерин көргөзүшүп келет ал эми ошол эрдиктер, жеңиштер айрым учурларда жоготуулар менен коштолоорун тана албайбыз.

Бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун аялдар кеңеши полктун ардагерлер кеңеши менен биргеликте демилге көтөрүп, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана көп балалуу, ошондой эле балдарынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлердин үй-бүлөрүнө гуманитардык жана акчалай жардам көргөзүштү.
ИИМдин «Шумкар» АБПнын Басма сөз кызматы