Пайдалуу кеңештер

Арак ичпей «баш жасса» болот. Рассольник менен эмес. Илимий эксперименттин тыянагы

Кээ бир өсүмдүктөрдөн жасалган экстракттар (тундурмалар) ичкиликти ашепке  ичип коюп эртеси кыйналгандардын абалын жеңилдетет (“башын жасат”). Мындай тыянакты немец  окумуштуулары — Иоганн Гутенберг атындагы  Майнц университетинин илимпоздору илимий эксперимент жүргүзүүнүн учурунда аныкташкан, деп билдирди MedicalXpress. Бул туурасында бир күн мурда РИА Новости жазып чыкты.

Окумуштуулар 214 киши катышкан, жаш курагы 18ден 65ке чейинки ыктыярдууларды үч топко бөлүп, эксперимент өткөрүшкөн. Ичикилик ичээрге 45 минут калганда жана ичип бүткөндөн кийин дароо ыктыярдууларга атайын жасалган суюктук беришкен. РИА Новостинин жазганына караганда, биринчи суюктук имбирдин тамырынын, барбадос алчасынын, кактустун опунцияларынын (чөптөрүнүн), гинкго билобанын, талдын экстрактарынан, андан сырткаары магний, калий, натрийдин бикарбонаты, цинк, рибофлавин, тиамин жана фолий кислотасы, ошондой эле стевиолгликозиндер менен инулинден куралган. Экинчи  топко өсүмдүк экстракттары жок жөн эле кошумча берилген, а үчүнчүсүнө плацебо сунушталган. Иликтөөнүн катышуучулары төрт саат боюу ичкилик ичишкен. Ичкилик ичкенге чейин жана ичип бүткөн соң, ошондой эле 12 саат өткөндө алардын канынын жана заарасынын анализин алышкан, кан басымын өлчөшкөн. Андан тышкаары ыктыярдуулардын эртесиндеги абалын да текшеришкен. Эксперименттин натыйжасы, ар кайсы топто ичкиликтен кийинки сипмптомдордун интенсивдүүлүгү ар башкача болгонун көрсөткөн. Өсүмдүк экстракттары, витаминдер жана минералдар кошулган сюуктукту ичкендердин абалы баарынан түзүк болуп чыккан. Плацебо ичкендерге караганда биринчи топтогулардын башынын ооруганы 34%, жүрөгүнүн айланганы 42%, көңүл коштугу 27% жана тынчсыздануусу 41%ке азайган. Экинчи топтогуларда өзгөчө өзгөрүүлөр байкалган эмес.

Окумуштуулардын пикири боюнча мындай эффект өсүмдүктөрдөгү полифенол менен флавоноиддердин таасири алдында болгон. Бирок, кайсы механизмдер катышуучулардын ал-абалына ушундай оң таасир берди – аны табуу милдети алдыда турат. Витаминдер менен минералдар өз бетинче баш жасууга жардам бере албасын иликтөөчүлөр баамдашкан. Бул симптомдор организмдеги кан каткандыктан (суу азайгандык) жана электролит балансынын бузулушунан улам пайда болот деген пикирди анык экенине шек туудурат. Андан сырткаары, ушул иликтөөлөрдөн алынган натыйжалар алкоголь организмдеги сюуктуктун өтө көп азайюсуна дайыма эле алып келе бербесин көрсөтөт.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button