Коом

Көлдөрдөн чыгарылган 372 миң метр тор кайра иштетүүгө жөнөтүлдү

Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынан 372 миң 400 метр синтетикалык балык уулоочу тор жана 25 тоннадан ашык таштанды чыгарылып, кайра иштетүүчү ишканада утилдештирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде суучулдар, Туристтик-экологиялык милиция кызматы жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жүргүзүлдү.

Анын ичинен ӨКМдин суучулдары 157 миң 800 метр, Туристтик-экологиялык милиция 95 миң 600 метр, ал эми Жаратылыш ресурстары министрлиги 119 миң метр тор чыгарган.

«Чогултулган торлор жана таштандылар айлана-чөйрөгө мындан ары зыян келтирбеши үчүн Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү ишканага жеткирилди » деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул иштер өлкөнүн суу объектилеринин экологиялык абалын сактоого жана жаратылышты коргоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button