Коом

Медкызматкердин туугандары коронавирус жуктуруп алса компенсация төлөнөбү? Министрдин жообу

Медициналык кызматкерлердин туугандары коронавирус жуктуруп алып, көз жумса аларга компенсация төлөө каралган эмес. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында медиктердин туугандары коронавирус жуктуруп алса компенсация албайт.

“Эгерде медициналык кызматкер иш учурунда коронавирус жуктуруп алса компенсация каралат. Анда комиссия  бул ишти  карап, жыйынтык чыгарат. Ал эми анын туугандары көз жумса же жуктуруп алса компенсация каралган эмес”,- деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда жалпы COVID-19 илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны —  221, алардын ичинен 154 медкызматкер айыгып стационардан чыкты.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 871ге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button