Окуялар

Журналист Эрмек Аттокуров блокпосттордо турган милиционердин сөгүнгөнүн, мыйзам сактабаганын айтты

Кыргызстандын айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизилгендиктен Бишкекке кирүү да бир топ маселелерди жаратууда. Борбордун четиндеги жолдордун бардыгында дээрлик блокпосттор орнотулган. Ал эми Бишкекке жакын жайгашкан айыл жашоочулары да борборго кирүү үчүн бир топ постторду өтүп келишет. Журналист Эрмек Аттокуров  Бишкекке кире бериштеги блокпосттогу милиция кызматкерлеринин оройлугу жана мыйзамды аткарбаганы тууралуу пикирин билдирди:

“7 — май күнү медкароого баруу үчүн шаарга чыккам. Күн-Туу айылы тараптан келе жатканда Селекционное айылына кире бериште Муромский жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде блок пост орнотулган. Ал жерде текшерүүдөн өтүп жаткан унаалардын көптүгүнөн тыгын пайда болгон.

Буга байланыштуу айрым айдоочулар жол эрежесин одоно бузуп, оң тарап менен жолдун жээги аркылуу өтүп кетип жатышкан. Алардын азабынан 30 — 40 мүнөттөй убакытты уттурдук. Блок постко жеткенде, болжолдуу саат 8:30 дарда ал жерде автомат көтөргөн 2707 — 588 номерлүү рация тагынган кызматкер так ошол эреже бузган айдоочуну өткөрүүмдү талап кылды.

Ага макул болгонум жок. Буга жооп кылып, ал машинамды бет маңдай айнекке ургулап кирди. Айнекке мурдараак майда шагыл таштар тийип, алгачкы жарака кеткен болчу. Азыр да абалы жакшы эмес эле. Ага карабастан уруп жатты. Посттон өтүп барып, машинаны токтотуп кайра келдим. Келсем, ал жердеги экинчи аскер кызматкери “бл..ь, на х..й” деп сөгүп кирди. Ал эми жол эрежесин сактоо үчүн ошол жерге бөлүнгөн ЧС 069 номерлүү төш белгисин тагынган жол кайгуул кызматкери (ГАИ) жол чети менен келип жаткан унааларды жөнгө салгандын ордуна «сен деле обочина менен айдай бер» деп «кеңешин» берди.

КР мыйзам талаптарын аткарган жаран катары, салык төлөөчү катары, ал жерге жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын камсыздап, өз милдетин билбеген, укугун аша чапкан кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, коомчулукка коопсуздук жана ыңгайлуулукту камсыздоосун талап кылып Комендатурага, вотсап аркылуу арыз жазылып, кайрылуу жолдонду. Бирок, майнап чыгарына көз жетпейт»,- деди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button