Коом

Чет өлкөгө жумушка орноштурган бир нече агенттиктер ишмердүүлүгүн токтотту

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке агенттиктерге ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө берилген уруксат жокко чыгарылды.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды бир гана ишенимдүү агенттиктерге кайрылууга чакырат. Андай агенттиктерди Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча Борборунун сайтынан табууга мүмкүн.

Чет өлкөгө жумушка орношууга бараткан жарандар кылдат жана сак болууга тийиш.

Уруксат берүү жокко чыгарылган агенттиктер: «Вайс Групп», «Селф виза», «Работа есть», , «Европейская Сезонная Работа «Айя-София», «Fly Go», «Гоу Ту Германи», ОсОО «Интернешнл Лигал Бридж», «Глобал Стади Сервис»,, «Адимаворк» ЖЧКлары жана «Койгельдиева Ж.Э.» ИПсы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button