Саясат
Акбалык Жумалиева БШК төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыр Конуров кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Бахадыр Конуров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу төраганын орун басары кызматынан бүгүн кеткени такталды.
Төраганын жаңы орун басары болуп комиссиянын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.



