Дүйнө

Уникум: Дүйнөдөгү эң “кедей президент” сенатордун пенсиясынан да баш тарткан (видео)

“Дүйнөдөгү эң “кедей президент”, деп атагы чыккан, 2010-2015-жылдары Уругвайдын президенти Хосе Мухика 2018-жылы сенатордун айлыгынан да баш тарткан. Президент-альтруист, вегетарианец Мухика 2015-жылдан тартып, президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин уругвайдын сенатына иштөөгө өткөн. Экс-президент сенатордун посттун 2018-жылы август айында мөөнөтүнөн мурда таштап кеткен. А кийин сенатордун пенсиясынан баш тарткан, кедей-кембагалдардын пайдасы үчүн.

Хосе Мухика туурасында убагында өтө көп жазылган, айтылган:аАнын болгон байлыгы 1987-жылы чыккан эски фольксваген-коңуз машинасы экени; эл катары бир кабат жепирейген үйдө тураары; пенсияга чыккандан кийин үлүшүнө тийген жерди өз колу менен айдап, сээп, иштетээри; ушундай эле спартандык жашоону аялы сенатор Лусия Топлански дагы жактыраары.

Маалымдама:

Хосе Мухика 1935-жылы 20-майда Уругвайдын борбору Монтевидеодо туулган. 1960-1970-жылдары Куба революциясынан шыктанган ал солчул Tupamaros партизандарынын катарында  Уругвайдын аскер диктатурасынын бийлигине каршы согушкан. Алты ирээт жарадар болгон, 14 жыл түрмөдө олтурган. 1985-жылы Уругвайга демократия орногондо түрөмөдөн бошонуп чыккан.

Президент кезинде поликлиникага келгени.

Түрмөдө олтурганда анын жашоого карата көз карашы калыптанган. Кийинки жашоо обарзынын өтө эле жупунулугу ушундан улам.

2009-жылы 74 жашында Уругвайга президент болуп шайланган.

Президент болуп шайлангандан кийин айлыгынын 90%тин — $12,500 өлчөмүн  кедей-кембагалдар үчүн соопчулукка жумшап, өзүнө $775ин гана калтырган.

Жашаган жери

Прездентке берилүүчү баардык мамлекеттик камсыздоолордон баш тарткан. Кадимки эле айылдык дүкөндөн тамак-аш сатып алып, жөнөкөй эле поликлиникага барып, эл катары кезекке туруп, мамлекеттик жумуш аяктагандан кийин  эски машинасын айдап үйүнө кайткан. Үлүшкө алган талаасында, ал президент кезинде эле аялы экөө өз колдору менен гүл өстүрүүгө өтүшкөн.

Банктарда жеке эсеби жок.

Баса, 2014-жылы араб шейхи анын эски фольксагенине  бир миллион АКШ долларын сунуштаган. Хосе Мухика “байлыгын” сатуудан баш тарткан.

Байоыгы — фольксваген-коңуз

Саясий эксперттер аны 2019-жылы президенттик шайлоолордо кандидатурасын коет деп айтышкан. Бирок, Хосе Мухика алардын жоромолун жокко чыгарып, саясаттан четтеп, азыр жубайы экөө көндүм болгон жашоосун улантышууда.

https://youtu.be/7baDJd_KrOk

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button