Атамбаевчилердин чагымчыл амалкөйлүгүнө жол болсун!

Ой тобоо, элдин баары «менден таажывирус чыкпаса экен» деп Кудайдан тиленип жатса, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев тескерисинче таажывирустун белгилери бар окшойт деп чыкты. Анысын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой КСДП төрагасынын орун басары да билдирүү таратып кирди.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болсо Сагынбаевде коронавирустун жокутугун айтып, маалыматты четке какты.
Ошол эле маалда КСДПнын катчылыгы Сапар Исаков дагы коронавирус жугузуп алышы мүмкүндүгүн, ал гана эмес камакта жаткан КСДПнын бир топ саясатчылары ооруну жугузуп алуу коркунучунда тургандыгын билдирип чыгышты.
Мындай билдирүүлөрү менен Атамбаевдин тарапташтары коронавирусту обу жок эле саясатка айландырып жиберишти. Алгач Атамбаевдин өзү, анан жан сакчысы, Сапар, анан калгандары болуп баары оптом коронавирус жуктуруп баратканын атайын эле бир пландын негизиндеги догурунуу экенин жаап-жашырып койсо болмок экен.
КСДПнын айтымында, Канат ден соолугуна даттанып абак жетекчилерине кайрылса, карабай жаткан имиш. Албетте, Сагынбаев сасык тумоолосо деле ден соолугу үчүн айтышы керек. Бирок коронавирус калчылдатып, бийлик баш болуп, эл төш болуп жайылып кетпесе экен деп жатканда, ЖАМКка же анын жетекчиси Мелис Турганбаевге ушул ашыкча баш оору кереги бар дейсиңерби? Аларга коронавуристан башка эле көйгөйлөрү жетиштүү.
ЖАМК эле эмес, бардык мекемелер колдон келишинче сактанып, вирусту жолотпоого абдан кызыкдар. Болбосо, башына толтура балээ үйүлөөрүн жакшы билет. Андыктан, ЖАМКтын ар бир айыпталуучуну абактарга алып киргенде жана алып чыкканда тыкыр текшерип жатат деген билдирүүсү чындыкка коошот. Алардын айыпталуучуларды конвойлор ар дайым дене табын текшерип турат.
Ал эми КСДПчылардын (Атамбаевдин тарапташтары) коронавирус жуктуруп алды же жалаң АШАчыларга жукканы жатат деген негиз менен бир чети абак-түрмөлөгө дүрбөлөң салуу, бир чети мындай шылтоо менен жакшы карабай жатат деп доомат коюу, бир чети вирус жукту деп, изоляцияга алынып, башка аракеттерди көрүү максаттары айдан ачык көрүнүп турат.
Чагымчылдык уюштурууга жол чаап жатканы белгилүү болуп калды. Атамбаевчилердин эмне айла кылаарын билбей, коронавирусту пайдаланып, чагымчылдык менен манипуляция кылуу сценарийи ачыкка чыгып калды.
Жалпы элдин башына келген апааттан пайдалануу айла-амалы эптеп жоопкерчиликтен кутулуу же сот иштерин болушунча создуктуруу болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. КСДПчыларын талаптарын эле байкабайсызбы, дароо эле үй камагына алгыла дегенин, башка камактагылардан кандай айырмасы бар, андай болсо?
Же Атамбаевге, жан сакчысына, Сапарга, Фаридке — баарына тегиз коронавирус жугуптурбу? Анда аларды бир самолетко салып алып таажывирус кеңири жайылып жаткан Бангладешке алып барып келишкен го деген суроо туулбай койбойт.
Бактыбек Самудинов