Камчыбек Жолдошбаевдин орунсуз сөзү бүгүн дагы талкууда калды (видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат К.Жолдошбаевдин дагы бир айткан сөзү интернетте талкууга алынды.
Депутаттар ич ара мамилесин чече алышпай убара, микрофонго оозу жеткени ойду-келди сүйлөп, жетпегени көздүн кыйыгы менен карап отурушат.
Алар азыркы пандемияга байланыштуу абал боюнча эч бир кабатырланбагандарын дагы бир жолу далилдешти. Шайлоону сүйлөшүштү, спикер менен айтышышты
Депутат Камчыбек Жолдошбаев жай келе жатканын унуткан окшойт же кышта жашап жатабы, айтор, аябай чоң маселе көтөргөнсүп «быйыл мына жаз келатат, чет жакка эс албай, Ысык-Көлгө эс алууга чакыргыла баарын, планга киргизгиле»- деп салды. Ошондо, илдеттен кутула элек жатып, чет элдиктерди эс алууга чакырабызбы же чет өлкөгө эч кимди чыгарбагыла дегениби, айтор жаз аяктап, жай келээрде жаз келе жатат дегени коомчулукта кайрадан талкууга алына баштады.
Эскерте кетсек, кечээ К.Жолдошбаев кредит алган жарандарды сындаганы үчүн коомчулукта жагымсыз пикир жараткан эле.
Abal.kg