Дүйнө

«Коронавирусту 100 процент блоктоочу» антитело табылды

Американын Sorrento Therapeutics биофармацевтикалык компаниясынын окумуштууларынын айтымына караганда алар  коронавирусту 100 процент блоктоочу  антитело табышты. Бул тууралуу  16-майда Fox News билдирди.

Маалыматоочунун информациясына караганда адистер миллиарддаган антителолорду анализдеп чыгышып, арасынан коронавируска таасир этүүчү жүздөгөн антителолорду табышкан. Андан соң окумуштуулар алардын ичинен дагы ондогонун бөлүп алышкан. Ошол ондогон антителолордун арасынан коронавирустун жугуусунан адамдын клеткасын 100 процент сактай турган  бирөөнү — STI-1499 антителосун таап чыгышкан.

Ал антитело вирусту чулгап туруп, адамдын организиминен төрт күндө чыгарып таштайт. «Белгилеп коелу, бул дары. Так иштей турган чечим бар», — деп белгиледи доктор Генри Джи (Dr. Henry Ji), Sorrento Therapeutics компаниясынын негиздөөчүсү. Сыноо азырынча лабораториялык шартта гана өткөндүктөн, дарыны чыгарууга уруксаат алына элек.

Доктор Джи, ушул дарыдан соң бүт өлкөлөрдөгү карантинди алып таштаса болот деди. «Эгерде биздин  организмде нейтралдаштыруучу антитело болсо, анда социалдык дистанциянын кереги жок болуп калат», — деп белгиледи ал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button