Бишкекте эртеңден баштап кайсы тармактар ишке кирет, кайсыларына тыюу салынды. Мэриянын жообу

Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов бүгүн брифинг учурунда эртеңден баштап иштей турган тармактардын катарына дагы тыюу салынган тармактар тууралуу айтты.
21-майдан тарта акырындан ишке кире турган тармактар эки этап менен жанданмай болгон. Айрымдары эртеңден тарта кызмат көрсөтө баштаса, кээси дагы төрт күндөн кийин ишке кирет.
Тыюу салынган тармактар:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу мекемелер;
- балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
- интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
- мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар.
Андан тышкары вице-мэр Азиз Алымкулов жакынкы
күндөрү ишмердүүлүгүн баштай турган соода борборлоруна жана кийим-кече
базарларына кандай талаптар коюларын
белгиледи.
«Соода борборлорунун кире беришинде сөзсүз ар бир кардардын дене табы өлчөнүшү зарыл. Ошондой эле болушунча арзан баада бет кап жана кол каптар сатылышы керек. Мындан тышкары, санитайзерлер коюлушу шарт», — деди.
Ал эми базарларда катарлардын арасындагы жолдор бош болуп, ортого туруп алып башаламан соода кылгандар болбошу керектиги эскертилди.
Эске салсак, 21инчи жана 25-май күндөрү дагы бир нече тармак өз ишмердүүлүгүн баштайт. Алардын арасында соода борборлору жана «Дордой», «Ош», «Кара-Суу», «Орто-Сай» сыяктуу ири базарлар дагы бар.
Abal.kg