Коом

Баткендеги журналисттин өлүмү: Активист Роза Маманова суракка чакырылды

Активист Роза Маманова Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Активист Баткенде каза болгон журналистАрзыгүл Галымбетованын иши боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Маалымат үчүн:

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүүБатмакан Жолболдуева өз өмүрүнө  кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.

21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болгон. Ошондой эле Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button