Коом

24-майда айт намаз кайда окулат. Муфтияттын жообу

24-мартта Орозо айы аяктап, айт намаз окулат. Жылда буга чейин айт намаз Бишкектин эски борбордук аянтында, мечиттерде окулуп келчү. Быйыл пандемияга байланыштуу айт намаз кайда окулаарын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди:

“Урматтуу мекендештер! Кыргыз Респуликасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин  салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп  кетүүсүнө жол бербөө максатында зарылчылыкка жараша жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле   2020-жылдын 24-майындагы  Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын  маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен  үйлөрдө майрамдайбыз.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин  КТРК телеканалынан Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата  куттуктоосу жана кайрылуусу болот”-деп айтылат кабарда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button